
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын айланасындагы кырдаалга комментарий берип, Тегеран олуттуу жеңилдиктерге барып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 24-июнда журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.
Ак үйдүн X социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланган видеодо Трамп АКШ бул процессте олуттуу артыкчылыкка ээ болуп жатканын белгилеген.
Анын айтымында, Иран бир катар маанилүү талаптар боюнча макулдук берип жатат.
“Белгилүү болгондой, биз чоң утушка жетип жатабыз. Иран абдан олуттуу жеңилдиктерге барууда. Мындан ары эмне болорун көрөбүз, бирок болуп жаткан окуялар абдан күчтүү. Баары жакшы нукта жүрүп жатат”, — деген Трамп.
Буга чейин америкалык лидер Иран өзөктүк программасы боюнча эң жогорку деңгээлдеги текшерүүлөргө белгисиз мөөнөткө макул болгонун билдирген. Анын айтымында, бул шарт эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн негизги талап болуп саналат.
Ошондой эле Трамп жетишилген макулдашуулардан кийин Ормуз кысыгын ачык бойдон калтырууга жана деңиз блокадасын күчөтүүдөн баш тартууга макул болгонун айтты. Ошол эле учурда АКШнын аскердик кемелери зарыл болгон учурда чектөөлөрдү кайра киргизүүгө даяр туруш үчүн өз позицияларында кала берерин кошумчалады.
Мындан тышкары, Ак үй башчысы санкциялар жумшартылгандан кийин Иран пайдалана ала турган каражаттар кандай тартипте колдонуларын да түшүндүрдү.