Биз социалдык тармакта

Хамзанын апасы: "Бул күн сүйүнүчтүү да, оор да болду"

SМА оорусуна зарыл болгон дарылоо уколун алган кыргызстандык Хамзанын апасы баласынын абалы тууралуу айтты. Айтымында, бул алардын үй-бүлөсү үчүн кубанычтуу да, оор да күн катары эсте калат.

"Кечээги күн биз үчүн сүйүнүчтүү болгону менен бир чети аябай оор болду. Бул процессти баштан өткөргөн оор экен. Хамзанын жашоого болгон аракети, жашоону сүйгөнү бизди күчтүү кылып турат",- деди Хамзанын апасы.

24-июнда Хамза SMA оорусуна каршы эң кымбат уколду алды. Учурда ал Дубайда реабилитациядан өтүүдө.

Белгилей кетсек, Хамза сейрек кездешүүчү оорунун бир түрү - жүлүн булчуң атрофиясы (SMA) менен ооруйт. Анын дарылануусунда колдонулуучу “Золгенсма” препараты үчүн керектүү каражат кыргыз элинин колдоосу менен чогултулган.


Хамзанын апасы: "Бул күн сүйүнүчтүү да бир чети оор болду"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-06-25 12:45:00
Кудайым шыпаасын берип балакай оор дарттан эртерээк кутулуп кетсин, ушул ооруну жеңип кеткени кайдыгер карабай тыйын жагынан көмөктөшүп келе жаткан Кыргыз элим ардайым аманчылыкта болсун, деги эле бөбөктөрүбүз оорубасын, Кыргыз медицинасынын дагы өнүгүү деңгээли эртерээк жогоруласын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан