Биз социалдык тармакта

Биримдиктин жемиши. Хамза SMA оорусуна каршы эң кымбат уколду алды (видео)

Кыргызстандык Хамза зарыл болгон дарылоо уколун алды. Бул тууралуу баланын ата-энеси билдирип, алар жалпы жардамга кол сунгандарга ыраазычылыгын айтышты.

"Биз күткөн күн келди! Элдин баласы, биздин жүрөгүбүз, үйдүн эркеси Хамза көптөн күткөн уколду алды. Бул күнгө Аллахымдын буйругу, элимдин жардамы, дубасы менен жеттик. Биз бактылуубуз! Бул уколдун жардамы менен балабыздын оорусу токтоду. Жакшы күндөрүбүз алдыда. Эч бир жан оорубасын! Сиздерге ыраазычылыгыбыз , сүйүүбүз чексиз!",- деп белгиледи Хамзанын ата-энеси өз билдирүүсүндө.

Учурда Хамза Дубайда реабилитациядан өтүүдө.

Үй-бүлө буга чейин бир жылдан ашык убакыттан бери дарылоо жана керектүү каражаттарды чогултуу иштерин жүргүзүп келгенин белгилешти. Ошондой эле алар колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, Хамза сейрек кездешүүчү оорунун бир түрү - жүлүн булчуң атрофиясы (SMA) менен ооруйт. Анын дарылануусунда колдонулуучу “Золгенсма” препараты үчүн керектүү каражат кыргыз элинин колдоосу менен чогултулган.

Хамза SMA оорусуна каршы эң кымбат уколду алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан