Өзбекстандын Андижан шаарында өтүп жаткан “Андижан - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2026” эл аралык иш-чарасынын алкагында өлкөнүн улуттук маданиятында тарыхый окуя катталды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, “Андижан полкасы” бийин бир убакта 20 миңден ашык катышуучу жогорку деңгээлде аткарып, бул көрсөткүч расмий түрдө Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине киргизилди.
Иш-чаранын соңунда уюмдун өкүлү бул масштабдуу маданий акция бардык эл аралык талаптарга жана эрежелерге толук жооп берерин билдирип, расмий сертификатты Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахмоновго тапшырды.
Иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун жана чет өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу коноктордун катышуусунда өтүп, өзбек улуттук бий өнөрүнүн дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркын дагы бир жолу жогорулаткан тарыхый учур катары бааланды.