Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева бийлик өкүлдөрүнөн акын Аскат Жетигенди абактан бошотуп берүүнү суранды.
"Аскат Жетиген аттуу жараныбыз абакта катуу сабалгандыктан, ырайым сураган эмес. Жетигендин иши боюнча туура чечим кабыл алып, аны кечирүүнү суранам. Парламентте 90 депутатты сөккөн адамды деле кечирбедик беле. Акындарыбыз камалбасын, ушул балабызды да бошотуп бериңиздер",- деди Сурабалдиева.
Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылы кармалып, “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган. Буга анын социалдык тармактарда жарыялаган, бийликтин аракеттерин сынга алган видео кайрылуулары негиз болгон.