Ырчы Аскат Жетигенге дагы бир эпизод менен кылмыш иши козголду

УКМК ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенге 15-мартта Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 20-мартта анын жактоочусу Венера Буудайбекова ырастады.

Адвокат ырчынын 15-марттагы видеосу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, ошонун негизинде айып коюлганын билдирди. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралуу алдында турат.

Атайын кызмат Аскат Жетигендин иштери боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылдан бери азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Акыркы ирет 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган эле.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган.

18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан