Биз социалдык тармакта

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 164 адамга жетти

Венесуэланын жээк аймагында болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 164 адамга жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Делси Родригес чет элдик басылмаларга билдирген.

Анын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча 971 адам жаракат алган.

Жер титирөө 25-июнга караган түнү катталып, эки ирет күчтүү силкинүү болгон. Алардын күчү 7,2 жана 7,5 баллды түзгөн.

Силкинүүлөр Морон шаарынан 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым аралыкта орун алган.

Учурда куткаруу кызматтары жабыркагандарга жардам көрсөтүп, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан