Биз социалдык тармакта

Венесуэладагы бардык мамлекеттик ооруканалар жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө

Венесуэланын бардык мамлекеттик медициналык мекемелери жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо билдергенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, жабыркагандарга жардам берүү үчүн өлкө боюнча бардык мамлекеттик ооруканалар тартылган. Ошондой эле борбор калаа аймагында 12 жеке клиника да медициналык жардам көрсөтүүгө кошулду.

Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет күчтүү жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн жарандар жаракат алган.

Өлкөдө издөө-куткаруу иштери улантылып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан