29-январда Ош мамлекеттик университетинде билим берүү тармагында аткарылган иштер тууралуу Коррупциялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда ЖОЖ жана мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары катышышты. Анда бала бакчалардын мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги туурасында сөз козголуп, тийиштүү жетекчилерди жазалоо керектигин талкууга алынды.
Ош шаардык прокурорунун орун басары Рыспек Кулов иш-чаранын максатына токтолду.
"Бул иш-чаранын негизги максаты - коррупцияны жоюу. Албетте, ушул жерде айтылган сөздөр жерде калып кетпеши керек. Ар бир жетекчи өз мекемесинде коррупцияны жоюу боюнча иш алып барсын,"- деди Кулов.