АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ормуз кысыгындагы кырдаалды баалоодо негизги көрсөткүч катары кеме жүрүүсүнүн үзгүлтүксүз камсыздалышын эсептей турганын билдирди.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Ирандан Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден эч кандай төлөм алынбай турганы тууралуу кепилдик алынганын айткан.
Ал эми АКШнын энергетика министри билдиргендей, акыркы маалыматтар боюнча Ормуз кысыгы аркылуу болжол менен 72 кеме өтүп, алар жалпы 20 миллион баррелге жакын мунай ташышкан.
“Биз үчүн эң негизгиси – кемелердин кадимкидей жүрүп жаткан-жатпаганы. Эгер кеме каттамы үзгүлтүксүз уланып жатса, кырдаалга болгон баабыз да ошого жараша болот”, - деди Рубио Бахрейндеги журналисттерге.
Маалыматка ылайык, Иран менен АКШ 18-июнга караган түнү аралыктан меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу чаралары каралган.
Меморандумга ылайык:
* АКШ деңиз блокадасын белгиленген мөөнөттө алып салат;
* Иран Ормуз кысыгындагы кеме каттамын толук калыбына келтирет;
* Иран өзөктүк куралга ээ болбоо боюнча милдеттенме алат;
* Ирандын өзөктүк программасы боюнча өзүнчө келишим түзүү үчүн тараптар 60 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
* Тегеран үчүн негизги максат – Иранга каршы санкциялардын алынуусу болуп саналат.