Биз социалдык тармакта

Кара-Балтада жолдун ортосунда аялга зомбулук көрсөткөн жаран кармалды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында аялга карата зомбулук көрсөткөн жаран милиция тарабынан аныкталып, Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу анын жубайы экени белгилүү болуп, ал мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланууда.

Анын негизинде Кара-Балта шаарынын тургуну, 1996-жылы туулган К.Б. кармалды.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жолдун ортосунда аялга күч колдонгон жарандын видеосу тараган. Анда окуяга күбө болгон жарандар аялга жардам берип, аны арачалап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан