Чүй облусунун Кара-Балта шаарында аялга карата зомбулук көрсөткөн жаран боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Интернет желесине аталган окуянын видеосу тарап, милиция мониторинг учурунда аныкташты. Анда Кожомбердиев жана Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши аялга кол көтөрүп, жолдун ортосунда күч колдонгонун көрүүгө болот.
Окуя 23-июнда орун алып, бүгүн, 25-июнда бул жагдай боюнча текшерүү иштери башталды.
Видео: biz_vmeste