Биз социалдык тармакта

Колумбияда жаңы президент шайланды

Колумбияда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн жаңы президенти болуп Абелардо де ла Эсприэлья шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Колумбиянын Улуттук шайлоо кеңеши 21-июнда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, “Мекенди коргоочулар” кыймылынын талапкери Абелардо де ла Эсприэльяны жеңүүчү деп тааныды.

Добуш берүүнүн экинчи турунда Эсприэлья шайлоочулардын 49,66 пайыз добушуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы — “Тарыхый пакт” коалициясынын өкүлү Иван Сепеда 48,70 пайыз добуш топтоду.

Расмий чечимге ылайык, Абелардо де ла Эсприэлья 7-августтан тарта азыркы президент Густаво Петронун ордуна мамлекет башчысы катары кызматка киришет. Ал Колумбияны 2030-жылга чейин башкарат.

47 жаштагы Абелардо де ла Эсприэлья кесиби боюнча юрист. Ал коопсуздукту күчөтүү, экономикага инвестиция тартуу жана кылмыштуулукка каршы катуу саясат жүргүзүү убадасы менен шайлоочулардын колдоосуна ээ болду. Анын жеңиши Колумбиянын саясий багытында олуттуу өзгөрүүлөрдүн башталышы катары бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан