Ош облусундагы "Кара-Суу" базарынын аймагында жайгашкан «Уркуя Юг» базарында чыккан чыр боюнча Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков соодагерлер менен жолугушат. Атайы комиссия түзүлүп, окуяны Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
«Эртең саат 10:00дө менин орун басарым баштаган тиешелүү комиссия түзүп жөнөтөбүз",-деди Жээнбеков.
Ал эми соодагерлер базарком тарабынан жабылган соода жайларын ачып берүүнү суранышты. Ал маселени райондук аким Тилек Матраимов көзөмөлгө аларын айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн «Туратали» базарында иштеген соодагерлер патент акысынын көтөрүлүшүнө байланыштуу нааразычылык акциясын уюштурушкан.