Биз социалдык тармакта

"Кыргызкөмүр" ишканасынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду

Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган кошумчаланды.
"Негиз катары эмгек милдеттерин бир жолку одоно бузуу жана сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп табылганы көрсөтүлгөн. Өз кезегинде Скандербеков буйрук менен таанышып, бирок чечимге макул эместигин жазуу жүзүндө билдирген. Текшерүүнүн материалдары акыркы укуктук баа берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилүүдө",- деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев "Кыргызкөмүр" ишканасын текшерүү керектигин белгилеген болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан