Венесуэлада болгон бир нече күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 235 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, дагы 4300дөн ашуун адам медициналык жардам алган, алардын көбү жеңил жаракат менен чектелген. Эң чоң кыйроолор Ла-Гуайра жээк шаарында катталып, ондогон имараттар ураган.
Өлкө бийлиги жабыркаган аймакка кошумча куткаруучу топторду, оор техника жөнөтүп, калыбына келтирүү үчүн 200 миллион долларлык фонд түздү.
АКШнын Геологиялык кызматынын баалоосу боюнча, каза болгондордун саны мындан да өсүп, 10 миңден 100 миңге чейин жетүү коркунучу бар.
Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал режими уланууда.