Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Эквадор жеңишин майрамдап, өлкөдө эс алуу күнү жарыяланды

Эквадордун президенти Даниэль Нобоа Германияны жеңген Эквадор улуттук курама командасынын жеңишине байланыштуу өлкөдө расмий эс алуу күнүн жарыялады.

Чет элдик басылмалар белгилегендей, бул чечимге ылайык, бүгүн, 26-июнда өлкөдө мамлекеттик майрам деп жарыяланды. Президент команда мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, алардын оор сыноолорго, сын-пикирлерге жана кыйынчылыктарга карабай жеңишке жетишкенин белгиледи.

Эскерте кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы үчүнчү айлампада Эквадор курама командасы Германияны утуп, 20 жылдан кийин биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан