Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын акыркы турунда Эквадор курама командасы Германияны 2:1 эсебинде жеңип, турнирдин негизги сенсацияларынын бирин жаратты.
Е тайпасынын алкагындагы беттеш АКШнын Нью-Жерси шаарында өттү. Германия бул оюнда айкын фаворит саналган. Бирок түштүк америкалык команда мыкты оюн көрсөтүп, маанилүү үч упайга ээ болду.
Бул жеңиштин аркасында Эквадор 2006-жылдан бери алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына жолдомо алды. Акыркы жолу эквадорлуктар 2006-жылкы мундиалда 1/8 финалга чейин жетип, Англияга 0:1 эсебинде утулуп калган.
Тайпанын жыйынтыгында Германия 6 упай менен биринчи орунду ээледи. Кот-д'Ивуар дагы 6 упай топтоп, экинчи орун менен плей-оффко чыкты. Ал эми Эквадор 4 упай менен үчүнчү орунду ээлеп, үчүнчү орундагы мыкты командалардын катарында кийинки баскычка өттү.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Беттештер тарыхта биринчи жолу 48 команданын катышуусунда уюштурулуп, 11-июнда башталган. Биринчилик 19-июлда жыйынтыкталат. 2022-жылы Дүйнө чемпиондугун Аргентина жеңген.