Кыргызстанда 2013-жылы 4288 өрт кырсыгы болуп, 75 адам каза тапкан

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү өрт коопсуздугун алдын алууну жакшыртуу үчүн “Өрт коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өрткө каршы кызматтын жетекчиси Нуржан Осмоналиевдин айтымында, ушу тапта курулуш технологиялары, курулуштардын техникалык талаптары, аларды көзөмөлгө алуу усулдары өзгөрүп жатат. Өрткө техникалык көзөмөл кылуу милдети азыр Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында. Ошондуктан техникалык регламент толук иштебей жатат. Жаңы регламентте өрттүн алдын алуу чаралары менен көзөмөл жүргүзүү милдеттери экиге бөлүндү.

Осмоналиев 2013-жылы Кыргызстанда 4288 өрт кырсыгы катталып, мамлекетке 366 миллион 265 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин айтты. Өрт кырсыгынан былтыр 75 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан