Японияда нөшөрлүү жаан-чачын жана тайфундун кесепетинен 2,23 миллиондон ашуун адам коопсуз жайларга эвакуацияланганын чет элдик басылмалар жазышууда.Мындан тышкары, өлкөнүн айрым аймактарында жер көчкү коркунучунун жогорку деңгээли жарыяланып, тургундарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталды.
Синоптиктер №7 тайфун түндүк-чыгышты көздөй жылып баратса, өлкөнүн түштүгүндө дагы бир №8 тайфун катталганын белгилешүүдө.