Биз социалдык тармакта

Венесуэлада урандылар арасында аял көз жарды

Венесуэлада жер титирөөдөн улам кулаган имараттардын урандылары арасында аял көз жарды. Бул тууралуу "El Mundo" басылмасына таянып, чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, көз жарган аялга ыктыярчылар жардам көрсөтүшкөн. Төрөт электр энергиясы жана медициналык жабдуулар жок шартта кабыл алынган.

Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет күчтүү жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн жарандар жаракат алган.

Өлкөдө издөө-куткаруу иштери улантылып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Акыркы маалыматтарга таянсак, жаратылыш кырсыгынан 4 300дөн ашык адам жаракат алып, 200дөн ашык адам каза болгон.



Венесуэлада талкалаган имаратта аял көз жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан