Венесуэлада ушул жуманын башында катталган күчтүү жер титирөөлөрдөн кийин 16 өлкөдөн миңге жакын куткаруучу жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын өкүлүнө таянып билдирди.
Анын айтымында, Италия, Колумбия, Мексика, Сальвадор, АКШ, Чили жана Швейцария өлкөлөрүнүн издөө-куткаруу топтору Венесуэлага буга чейин эле жетип барышкан. Ал эми Улуу Британия, Германия, Иордания, Испания, Катар, Нидерланддар, Франция, Чехия жана Эквадор өлкөлөрүнүн адистери жакынкы күндөрү келери күтүлүүдө.
Ошондой эле Венесуэлага жардам көрсөтүү үчүн БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү фондунан 15 миллион доллар бөлгөнүн белгиледи.
Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет күчтүү жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтарга ылайык, жер титирөөлөрдүн кесепетинен Венесуэлада кеминде 235 адам каза болуп, дагы 4,3 миң адам жабыркаган. Эң көп зыян тарткан Ла-Гуайра штаты өзгөчө кырдаал аймагы деп жарыяланды. Учурда жабыркагандарды издөө жана келтирилген чыгымдарды баалоо иштери уланууда.