Финляндиянын президенти өлкөгө өзөктүк куралды алып кирүүгө, сактоого, даярдоого жана колдонууга коюлган тыюуну жокко чыгарган мыйзамга кол койду.
Бул мыйзамдык өзгөртүүлөрдү Финляндия парламенти 17-июнда жактырган. Коргоо министри жаңы өзгөртүүлөр 1-июлдан тарта күчүнө кирерин билдирди.
Ошентип Финляндияда өзөктүк куралды өлкөгө алып кирүүгө жана сактоого мыйзамдык тоскоолдук жоюлду. Бирок бул чечим өлкөгө өзөктүк курал дароо жайгаштырылат дегенди билдирбейт. Ал келечекте мындай чечим кабыл алынса, анын укуктук негизин түзөт.