Түрк киносунун легендарлуу өкүлү “Йешильчам” доорунун актёру Кадир Инаныр каза болду деп түрк ММКлары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, актёр 14-май күнү ден соолугунун начарлашынан улам ооруканага жаткырылган. Ал алты күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, өпкөсүнүн сезгенүүсү (пневмония) диагнозу менен дарыланып жаткан. Кийинчерээк 77 жаштагы актёр каза болгону кабарланган.
Ошондой эле 23-июнда анын карындашы Алтун Арыджа да дүйнө салганы маалымдалды.
Кадир Инаныр 1978-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде тартылган белгилүү түрк экранизациясында, режиссёр Атыф Йылмаз тарабынан коюлган тасмада башкы эркек каарман – айдоочу Ильястын ролун аткарган.
Бул фильм Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган эң белгилүү кинолордун бири болуп эсептелет жана актёрдун чыгармачылыгында да маанилүү орунду ээлейт.