Биз социалдык тармакта

Бейсжампер арзан парашютту текшерем деп секирип, экинчи парашют менен аман калды

Профессионал бейсжампер интернет-дүкөндөрдүн бири болгон Temu платформасынан арзан баада заказ кылынган парашютту эксперимент катары текшерди.

Секирүү учурунда негизги парашют ачылбай, андан соң жарым-жартылай айрылып кеткен. Бирок экстремал спортчу алдын ала даярдалган запастагы парашютту колдонуп, кырсыктан аман калды.

Бейсжампер бул эксперимент алдын ала пландалганын айтып, ирония менен «мындай парашютту сатып алган адамдар экинчи жолу пикир калтыра албай калышат» деп тамашалаган.

Видео социалдык тармактарга тарап, арзан жана күмөндүү сапаттагы жабдууларды онлайн сатып алууда коопсуздук маселеси боюнча кызуу талкуу жаратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан