Чаткалбай Раимбаев, ректор: "Ош мамлекеттик социалдык университети кызыктай абалда турат"

"Ош мамлекеттик социалдык университети учурда кызыктай абалда турат",- деп  билдирди бүгүн, 29-январда координациялык жыйында Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректору Чаткалбай Раимбаев. 

Анын айтымында, окуу жай сыртынан "Ош мамлекеттик социалдык университети" деп айтылганын менен документ иштеринде мурдагы бойдон Кыргыз-өзбек университети боюнча калууда.

"Биздин окуу жайдын аталышы толугу менен өзгөрө элек. Окуу жайдын аталышын өзгөртүү чечими мындан 4 жыл мурун кабыл алынган. Бирок ушунча убакыттан бери сырткы көрүнүшү өзгөрүлгөнү менен ички документ иштери кыргыз-өзбек университети боюнча жүрөт,- деди Раимбаев.

Айта кетсек, 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин Кыргыз-өзбек университетинин жетекчилиги аталган окуу жайдын атын өзгөртүү чечимине келишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан