Биз социалдык тармакта

Париждеги аномалдуу ысыктын кесепети, көрүлгөн чаралар 

Акыркы күндөрү Европанын аймактарында аномалдуу ысык аба ырайы өкүм сүрүп, бир катар өлкөлөрдө температуралык рекорддор жаңыланууда. Франция, Германия, Италия, Испания, Улуу Британия жана башка мамлекеттерде абанын температурасы +40 градуска чейин жетүүдө. Буга байланыштуу айрым жерлерде ооруканага кайрылган жарандардын саны өсүп, өлкө бийлиги аптап менен күрөшүү чараларын көрүп жатат.


Францияда аптаптуу ысыкта ооруканаларга кайрылгандар көбөйдү

Францияда аномалдуу ысык аба ырайы сакталууда. Мындан улам акыркы суткада Париж жана Иль-де-Франс аймагындагы ооруканаларга болжол менен 3 миң адам кайрылды. Бул кадимки күнгө салыштырмалуу 36 пайызга көп экени айтылды. Учурда Париж жана Иль-де-Франс аймагындагы ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Franceinfo басылмасы Парижде бир күндө нормадан ашык ысыктын кесепетинен 100дөн ашык адам көз жумганын жазды.

Өлкөнүн Météo-France метеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, Франциянын 37 департаментинде, анын ичинде Парижде жана анын айланасындагы аймактарда катуу ысыкка байланыштуу кооптуулуктун жогорку деңгээли жарыяланды. Бул аймактарда абанын температурасы +42 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Дагы 48 департаментте кооптуулук деңгээлдеги эскертүү күчүндө.


Өкмөт ысыкка байланыштуу бир катар чараларды көрүүдө

Франциянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруканаларды муздатуу системалары менен камсыздоо үчүн 100 миллион евро бөлүндү. Министрлик ошондой эле мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерге кондиционерлерди жана желдеткичтерди шашылыш түрдө сатып алууну сунуштады. Аны эске алуу менен өкмөт ооруканалар үчүн 30 миң кондиционер сатып алууга тапшырма берди.

Жүргүнчүлөр ысыкта тоннелде камалып калышты

Франциялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, техникалык мүчүлүштүктөн улам Парижден Ницца шаарына багыт алган поезд Лимей-Бреванн шаарына жакын жердеги тоннелде токтоп калган. Анда поезд бир сааттай турган. Айрым вагондордо кондиционерлер иштебегендиктен, көптөгөн жүргүнчүлөр катуу ысыктан өздөрүн жаман сезишкен. Андан соң поезд Париж вокзалына кайтарылып, жүргүнчүлөр башка поезд менен жолун улантышкан. Алар Ниццага алты саат кечигип жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан