Биз социалдык тармакта

Бакуда 64 жаштагы жаран аскердик кызматка чакыруу алган

Азербайжандын Баку шаарында 64 жаштагы жаран аскердик кызматка чакыруу тууралуу SMS-билдирүү алган.

Bakuplus.az басылмасынын маалыматына ылайык, билдирүү 1962-жылы туулган Фуад Имран оглы Алиевдин аттуу жарандын телефонуна жөнөтүлгөн.

Мобилизация жана аскердик кызматка чакыруу боюнча мамлекеттик кызмат бул билдирүү техникалык катачылыктан улам жөнөтүлгөнүн түшүндүргөн. Мекеме өкүлдөрү аталган жаранды аскердик кызматка чакырууга эч кандай негиз болбогонун белгилешкен.

Азербайжанда активдүү аскер кызматына чакыруу курагы 18 жаштан 30 жашка чейин. Кызмат өтөө мөөнөтү 18 айды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан