Биз социалдык тармакта

Венесуэлада урандылардын алдынан 11 жаштагы бала жана ымыркай тирүү табылды (видео)

24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштери уланууда. Урандылардын алдынан 11 жаштагы бала жана 18 күндүк ымыркай тирүү куткарылып, бул жакындарын издегендер үчүн чоң үмүт жаратканын чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Маалым болгондой, өлкөдө кырсыктан каза болгондордун саны 1450гө жетип, дайынсыз болуп жаткандардын саны миңдеп саналууда. БУУнун баалоосуна ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен болжол менен 6,8 миллион адам жабыркашы мүмкүн. Ошондой эле 770ге жакын имарат урап калганы кабарланууда.

Издөө-куткаруу иштерине дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 2600дөн ашуун куткаруучу, атайын үйрөтүлгөн иттер жана оор техникалар тартылды.

Венесуелада урандылардын алдынан 11 жаштагы бала жана ымыркай тирүү табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан