Казакстанга өзбек академиги Рустамжон Абдуллаев менен Талас облусунун жашоочулары тарабынан аймактар боюнча дооматтар айтылып келген. Буга жооп катары пикирин казакстандык саясат таануучу Данияр Ашимбаев казак журналына берген маегинде айтып өткөн.
Ал “Кыргызстан менен Өзбекстанды автономиялык укуктардын негизинде өлкөбүздүн курамына киргизүү маселесин карап чыгууну сунуштайм” деп билдирген.
Бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына саясат таануучу Марс Сариев бул сунуш абсурд экенин айтты. “Муну саясий тамаша катары айткан го. Саясат талдоочунун мындай ою күлкүнү гана жаратат. Кыргызстан ал айткан кадамга барбайт” деп билдирди.
“Эркин эл” саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков мындай ойлор мурун да айтылып кеткенин белгилеп, Казакстан бул кадамы менен өз өлкөсүн таасири күчтүү мамлекет катары көрсөткүсү келип жатканын кошумчалады.
“Бул албетте суу кечпеген ой. Кыргызстан да, Өзбекстан да мындай кадамга барбайт. Кызык жери эмне үчүн мындай ой тарап жатат? Бул жөн жерден айтылып калган сөз эмес. Бул биздин мамлекеттеги саясий стабилдүүлүк жоктугунан пайдаланып айтышы мүмкүн. Биз эгемен мамлекет катары ушундай сөздөргө көңүл бурбай койсок да болбойт. Себеби кандайдыр бир чакырыктын башталышы десек болот.
Мамлекетибиз тарабынан жооп катары аракет болбосо да, жарандык коом, саясат таануучулар тарабынан реакция болушу абзел. Жогорудагы идеянын эл арасында айтылышы туура эмес. Ошондуктан кыргыз тараптан жайылтпоого аракет кылышыбыз зарыл. Казак саясат талдоочусунун пикиринен улам улуттар аралык түшүнбөстүктөр пайда болушу ыктымал”,- деди Мавлян Аскарбеков