Биз социалдык тармакта

Кыргызстан айлык маяна боюнча дүйнөдө 132-орунда жайгашты

Кыргызстан дүйнөлүк эмгек акы рейтингинде 132-орунду ээледи. "CEOWORLD" америкалык журналынын 2025-жылкы маалыматына ылайык, өлкөдө орточо айлык маяна айына болжол менен 335 долларды, улуттук валюта менен алганда 29 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында:

  • Орусия - 32-орун;
  • Казакстан - 77- орун;
  • Түркмөнстан - 80-орун;
  • Беларус - 83-орун;
  • Армения - 89-орун;
  • Грузия - 90-орун;
  • Өзбекстан - 117-орун;
  • Кыргызстан - 132-орун
  • Тажикстан - 138-орунда.

Рейтингде эң жогорку орточо айлык Швейцарияда анын суммасы 8218 доллар болсо, эң төмөн көрсөткүчтөр Палестина жана Африкадагы бир катар өлкөлөрдө катталган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын орточо айлык маянасы 42 миң 919 сомду түзүп, бул болжол менен 491,3 долларга барабар болгонун Улуттук статистика комитети билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан