Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Ал аялдын айткандары туура болчу. Мен дагы Камчыдай эле биринчи өзүмдү ойлочу эмесмин, ар дайым мага жардамга муктаждарды ойлочумун. Курмандык кылгым келчү. Ошондо гана мен өзүмдү жана жүрөгүмдү эзген Илим деген атты унута алчу элем. Мен мурункудай эле Казат аталардыкында иштеп жүрдүм. Бирок ал үйдө да, университетте да менин алдыман чыкпады. Бул коркуу беле же сезимдеримди сыйлоо беле? Чынын айтсам, азыр деле ачыгын билбейм. Ошентип ал менин жашоомдон толугу менен чыкты. А мен Камчынын маселелери менен алаксып жаттым. Биз Камчы, анын сүйгөн аялы болуп бир учурларда чогуу жашап жаттык. Бул убактарда Камчы тууралуу көбүрөөк биле баштадым.

xxx

Акыркы күндөрү үйдөгү тынчтыктан коркуп калдым. Тынчтык дайыма эле жакшы нерсе эмес экен. Кээде ал айтылбай калган сырлардын көлөкөсү болуп калат. Камчы баштагыдай эмес эле. Ал үйгө кеч келет, көз карашы оор, сөзү кыска. Мен аны караган сайын ортобузда бир көрүнбөгөн дубал өсүп жаткандай сезилип жатты. Ошол кечте мен терезенин жанында туруп, көчөнү карап жаттым. Жарыктар бири-бирине аралашып, адамдар өз жашоосу менен өтүп жатышты. Эшик ачылып Камчы кирди. Анын кадамдары мурдагыдай ишенимдүү эмес, чарчагандай эле. Ал мени карабай эле ичкери өтүп кетти. Үч күн көргөн эмес элем.

– Сен кайда жүрөсүң?- дедим мен бөлмөсүнө барып, үнүмдө чыдамым калбай калгандай эле.

Ал аз унчукпай туруп, анан жөн гана “иш” деди. Бул сөз мага жетишсиз болчу. Мен анын көзүнөн жашынып жаткан чындыкты көрүп турдум. Ошол учурда бөлмөгө Азиза кирди. Ал ар дайым экөөбүздүн ортобуздагы чыңалууну жумшарткысы келгендей сүйлөчү. Бул жолу да “аны кысымга алба, азыр оор абалда” дегендей шыбырады.

– Мен кысым кылып жаткан жокмун. Мен жөн гана билгим келет...

Камчы терезени ачты. Сырттан муздак шамал кирип, бөлмөнүн ичин салкындатып жиберди.

– Мен өткөнүмдөн качып жүрөм, бирок ал мени кууп жатат,- деди.

Ошол сөздү укканда жүрөгүм ооруп кетти. Мен ага жакындадым.

– Биз эгизбиз, сенин жүгүң меники дагы. Эмнени жашырып жатканыңды айтпасаң, мен сени кантип түшүнөм?

Ал мага караган жок. Бирок анын үнүндө биринчи жолу титирөө пайда болду.

– Кээ бир нерселерди айтуу менен жеңилдеп кетпейт. Жазасын тартуу керек.

Үйдүн ичиндеги аба оорлошуп, ар бир дем алыш да кыйындап жаткандай сезилди. Ал терезенин жанында туруп, сыртка тиктеген бойдон калды, мени эмес, өтмүшүн карап жаткандай.

Ошол учурда күтүлбөгөн жерден эшикти бирөө катуу каккылады. Менин ичимде бир үн “бул жөн эле конок эмес” деп шыбырады. Эшик ачылганда, сыртта эки киши турду. Алардын бири орто жаштагы, көз карашы муздак адам болсо, экинчиси үнсүз эле артта калды.

– Камчы кайда?- деди биринчи адам түз эле ичкери кирип келе жатып.

Мен Камчыга карадым. Ал кыймылдаган жок. Бирок анын бетиндеги түс өзгөрүп, мурдагы чарчоо эми коркууга айланып кеткенин биринчи жолу көрдүм.

– Эмне болуп жатат?- дедим мен түшүнбөй.

– Силер бул жерге келбешиңер керек болчу,- деди Камчы акырын.

– Сен качып кутула алам деп ойлодуңбу? Биз өткөндү унутпайбыз!

Мен алдыга чыктым.

– Сиз кимсиз? Эмнени айтып жатасыз?

Ал адам мени тоготпой, кайра Камчыга бурулду.

– Бул карындашыңбы? Тиги сүйгөнүң да, чындыкты өзүң айтасыңбы же биз айтабызбы?

Ошол учурда Камчы көзүн жумду. Бир нече секунд эч нерсе укпагандай туруп калды. Үйдүн ичинде жымжырттык. Сырттагы шамал эшикти силкип, ичкери муздак аба кирип келди.

– Камчы, сен бизден эмнени жашырып жүрдүң?

Ал биринчи жолу мага түз карады. Көздөрүндө коркунуч, күнөө жана чарчоо аралашып турган.

– Силер чыккыла, мен үй-бүлөм менен коштошуп, анан силерге барам,- деди. Тиги кишилер чыгып кетишти. Камчы отуруп, мени карап сүйлөп жатты.

– Мен ал күндөрдү эстеген сайын жүрөгүм ооруйт. Баары жөнөкөй башталган болчу, бирок мен түшүнбөй калганым – жөнөкөй көрүнгөн нерселер көбүнчө эң чоң кыйынчылык болуп чыгат экен.

Мен Москвага жаңы келген кезимде иш издеп жүрдүм. Акча да, тааныш да аз болчу. Ошол учурда мага “жөнөкөй, жеңил иш” сунуш кылышты. Сыртынан караганда жөн гана түнкү жүк ташууга жардам берүү эле. “Көп аралашпа, карап турсаң болду” дешкен. Биринчи жолу барганда баары тынч өттү. Мен да ишенип калдым. Бирок үчүнчү жолу барганда баары өзгөрдү. Ошол түнү жүктүн ичинде мыйзамсыз нерселер бар экенин билдим. Бирок кеч болуп калган эле. Ал жакка бир кирген адам чыга албайт экен. Ошого жараша акчасы да көп эле. Бир күнү ортодо чыр чыгып кетти. Башка бир топтун балдары келип, “товарды” талаша башташты. Кимдир бирөөлөр коркуп, кимдир бирөөлөр агрессивдүү болуп, баары баш аламандыкка айланды. Ошол баш аламан учурда бир адам катуу жаракат алды. Ал жердегилердин баары дүрбөлөңгө түшүп, ар ким өз жанын сактоону ойлоду. Мен да... Мен да ошол коркунучтан туура эмес чечим кабыл алдым. Эч кимди жардамга чакырган жокмун. Башкалардай эле жөн гана качып кеттим. Эгер мен кайтып барсам, баары билинип, жоопко тартыларымды түшүндүм. Ошондуктан Бишкекке келдим. Шаарымды, жашоомду, атүгүл өзүмдү да өзгөртүүгө аракет кылдым. Башкача жашайм дедим. Бирок чындыктан качуу мүмкүн эмес экен. Мен кайда барбайын, тиги жактын адамдары жанымды койбой келишет. Сыртымдан тынч жашагандай көрүнсөм да, ичимде дайыма коркунуч жашап жүрдү. Мен баары унутулду деп ойлогом. Бирок жаңылган экенмин. Себеби өткөндү канча жашырсаң да, ал бир күнү сөзсүз кайтып келет. Менде эки жол бар, булардын айтканына көнүп кайра ошол жолго түшүүм керек же адамдардай жашоом керек. Сени тапканга чейин мага баары бир болчу, Тамчы. Бирок сени көргөндө баарын жыйыштырышым керек экенин билдим. Азыр аларга барам, иштешпей турганымды айтам. Алардын колунда далил бар. Милицияга беришет, жазамды өтөп, бирок жаңы жашоону баштайм.

– Сен ал адамды өлтүргөн жоксуң да, туурабы?- дедим калтырай.

– Ооба, бирок мени өлтүрдү деген жалаа жабылышы мүмкүн.

– Мен сени куткарам!

– Сен аралашпа, мага кабатыр болбо, баары жакшы болот. Азиза... Ал аялга тигилди, көздөрү менен бир нерсе деп сүйлөшүштү. Анан экөөбүздүн тең чекебизден өптү да, чыгып кетти.

Ал болбой чыгып кетти. Биз ыйлап кала бердик, бир нече убакыт өткөндө сырттан кыйкырган үндөр угула баштады.Камчынын башына коркунуч түшкөнүн билгенде, мен бир мүнөт да ойлонгон жокмун. Чуркап чыктык, катуу сабашкан экен да, биздин үйдүн жанындагы чакан бакчага ыргытып кетишиптир.

– Камчы!

Ал болсо араң гана башын көтөрүп мени карады. Жүзү кубарып, көздөрү алсырап калган эле.

– Чыда! Мен келдим! Сен эч нерсе болбойсуң!

Мен ага жеткенче нечен жолу жыгылып, кайра турдум. Колдорум титиреп, көзүмдөн жаш агып жатты. Бирок токтогум келген жок. Эгер кечигип калсам, аны жоготуп аларымды сезип турдум.

Акыры жанына жетип барып, аны кучактап алдым.

– Камчы, көзүңдү жумба! Мени кара! Угуп жатасыңбы?

Ал араң жылмайып койду.

– Тамчы… сен келдиңби…

– Ооба, келдим! Мен сени таштабайм!

Уландысы шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан