Биз социалдык тармакта

Жумуштан үйгө чейин сүзүп кайтуу. Берндеги өзгөчө салт (видео)

Швейцариянын Берн шаарында айрым тургундар жумуштан кийин үйүнө Ааре дарыясы аркылуу сүзүп кайтышат. Алар кийим-кечелерин суу өткөрбөгөн атайын баштыкка салып, дарыянын агымы менен сүзүшөт. Айрымдары үйлөмө матрас колдонсо, башкалары жөн гана сууда сүзүп үйүнө жетишет.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул ыкма жол тыгынынан качууга, ысык күндөрү сергүүгө жана жумуштан кийинки чарчоону басууга жардам берет.

"Туристтер үчүн мындай көрүнүш өзгөчө таасир калтырат. Берндеги бул салт экологиялык жактан пайдалуу болуп, шаар жашоосун кызыктуу жана жагымдуу кылган өзгөчө мисал болуп саналат",- деп белгилешет жергиликтүү тургундар.

Жумуштан үйгө чейин сүзүп кайтуу. Берндеги өзгөчө салт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан