Биз социалдык тармакта

Кытайда көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларына суу чачуучу систем орнотулууда (видео)

Кытайда заманбап турак жай комплекстеринин чатырларына суу чачуучу атайын системдер орнотулуп жатат. Бул технология ысык аба ырайында айлана-чөйрөнүн температурасын төмөндөтүп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, майда суу тамчылары абага тез бууланып, аймактагы температураны 3-6 градуска чейин төмөндөтөт. Ошондой эле чаңды басып, абаны тазалоого жардам берет.

"Мындай систем шаар ичинде өзгөчө микроклимат түзүп, тургундардын эң ысык күндөрү да сыртта өзүн жайлуу сезүүсүнө мүмкүнчүлүк берет",- деп белгиленген маалыматта.

Кытайда көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларына суу чачуучу система орнотулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан