АКШда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндарын көрсөткөн фан-зонада атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Калифорниядагы оюндарды чоң ачык экрандардан көрө турган жерлердин бири Сан-Педродо болгон. Бир адам каза таап, бир адам жаракат алган. Атышуу учурунда ал жерде футболдук беттештер көрсөтүлгөн эмес.