Биз социалдык тармакта

GTA VI жарык көрө электе эле рекорд жаратты: 39 миллион алдын ала буйрутма жана 3 миллиард доллар киреше

Расмий релизине дээрлик беш ай убакыт калганына карабастан, Grand Theft Auto VI жаңы рекорд койду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, оюнга дүйнө жүзү боюнча 39 миллиондон ашык алдын ала буйрутма берилген.

Маалыматтарга караганда, оюнду иштеп чыгуу жана жарнамалоо иштерине Rockstar Games компаниясы болжол менен 2 миллиард доллар сарптаган. Бул көрсөткүч GTA VIны оюн индустриясынын тарыхындагы эң кымбат долбоорлордун бирине айлантты.

Ошол эле учурда алдын ала буйрутмалардан түшкөн киреше 3 миллиард доллардан ашканы айтылууда. Эгер бул маалымат расмий түрдө тастыкталса, анда оюн компаниянын бардык чыгымдарын релизге чейин эле актап койгон болот.

Оюндун окуялары мурдагы күйөрмандарга жакшы тааныш болгон Вайс-Сити шаарында өтөт. Бирок бул жолу шаар заманбап мегаполис катары көрсөтүлүп, анын образы АКШдагы Майами шаарына негизделген.

Оюндун башкы каармандары - Жейсон менен Люсия. Иштеп чыгуучулардын айтымында, сюжет белгилүү Бонни менен Клайд тууралуу легенданын заманбап интерпретациясы болот.

GTA VI оюнунун релизи 2026-жылдын соңуна пландалууда жана ал дүйнөдөгү эң көп күтүлгөн оюндардын бири катары бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан