Футбол-2026: Германия экинчи өлкөгө эс алуу күнүн "белек" кылды
Парагвайдын курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыгып, футбол күйөрмандарын чоң кубанычка бөлөдү. Алар күчтүү делген Германияны жеңип, тарыхый жеңишке жетишти.
Оюндун негизги жана кошумча убактысы 1:1 эсебинде аяктады. Жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталып, парагвайлыктар 4:3 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш менен Парагвай Дүйнө чемпиондугунун кийинки баскычына жолдомо алды. Алар кийинки айлампада Франция менен Швециянын беттешинде жеңишке жеткен команда менен күч сынашат.
Парагвайдын президенти Сантьяго Пенья бул жеңишке өзгөчө кубанып, социалдык тармактагы баракчасынан "Парагвай эч качан багынбайт" деген билдирүү калтырды. Ошондой эле өз чечими менен бүгүн, 30-июнду эс алуу күнү деп жарыялады. Жеңиштен кийин шаарлардын көчөлөрүнө миңдеген күйөрмандар чыгып, улуттук желектерди көтөрүп майрамдашууда.
Эскерте кетсек, быйылкы футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Германия эки өлкөгө эс алуу күнүн "белек кылды". Мындан төрт күн мурун Эквадор Германияны 2:1 эсебинде утуп, 20 жылдан кийин плей-оффко чыккан. Анда да Эквадордун өлкө башчысы 26-июнду эс алуу күнү деп жарыялаган.