Биз социалдык тармакта

Индияда катуу сел жүрдү (видео)

Индиянын Ассам жана Аруначал-Прадеш штаттарында бир нече күнгө созулган жамгырдан кийин ири суу ташкындары катталды. Табигый кырсыктын кесепетинен Аруначал-Прадеш штатында үч адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, жалпысынан 22 миңден ашуун жергиликтүү тургун жабыркады. Суу ташкыны алты районду камтып, өзгөчө Дхемажи округунда кырдаал оор болуп, 15,4 миңден ашуун адам жабыркады.

"Сел суусу 96 айылды каптап, 1,69 миң гектар айыл чарба жерлерине зыян келтирди. Ошондой эле 1965-жылы курулган темир жол көпүрөсүнүн бир бөлүгү урады. Кырсыктан улам үй-жайсыз калган адамдар убактылуу жайларга жайгаштырылууда. Суу ташкыны 48 миңден ашуун мал жандыктарга да зыян алып келди",- деп белгиленген маалыматта.

Өлкөнүн метеорологдору 1-июлга чейин дагы жаан-чачын күтүлүп, бул жаңы жер көчкүлөргө жана суу ташкындарына алып келиши мүмкүн экенин эскертишти.

Индияда катуу сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан