Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунан четтегенден кийин Түштүк Корея курама командасы мекенине кайтты. "Инчхон" эл аралык аэропортунан команданы күйөрмандары нааразычылык акциясы менен тосуп алышып, анда башкы машыктыруучу Хон Мён Бону ийгиликсиз оюн үчүн катуу сынга алышты.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, башкы машыктыруучунун атына көптөгөн коркутуулар келип түшүүдө. Андыктан анын жана футболчулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн аэропортко 160 полиция кызматкери тартылды. Ошондой эле учактын конуу убактысы да эртең мененки саат 4:00гө тандалып алынды.
Мындан тышкары, аэропорттун тийиштүү кызматтары да коопсуздук үчүн жеринде иш алып барышкандыгы маалыматта кошумчаланды.
Эскерте кетсек, Түштүк Корея Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынан өтө албай, А тайпасында үчүнчү орунду ээледи. Команда алгач Чехияны 2:1 эсебинде жеңгенине карабай, кийин Мексикага жана Түштүк Африкага 0:1 эсебинде утулуп калды. Натыйжада упайлардын айырмасы боюнча Сенегалдан артта калып, мелдеш менен кош айтышты.