Биз социалдык тармакта

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери улантылууда (видео)

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин аталган облустагы башкармалыгынан билдиришти.
"Суунун агымынын катуулугу жана нугунун абдан күчтүү болушу издөө иштерин татаалдаштырууда. Ага карабастан, куткаруучулар дарыянын жээгин жана кооптуу тилкелерди кылдат текшерип, издөө иштерин улантышууда",- деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 15 жаштагы бала 23-июндан бери изделип жатат. Издөө иштерине ӨКМ, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган. Тилекке каршы 27-июнда өспүрүмдү издөө маалында ӨКМдин бир суучулу каза болгон.



Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери улантылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан