Биз социалдык тармакта

АКШ делегациясы Катарга ортомчулар менен сүйлөшүүгө барат

Катардын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, АКШнын делегациясы жакын арада Дохага келип, ортомчу тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мекеменин расмий өкүлү Мажид аль-Ансаринин айтымында, делегациянын курамында Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер болуп, алар сүйлөшүү процессинин жүрүшүн талкуулашат.

Ошол эле учурда Катар тарап Дохада АКШ менен Ирандын өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги түз жолугушуусу азырынча пландалбаганын белгиледи. Делегациянын сапары ортомчулар аркылуу жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык аракеттерди улантууга багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан