Биз социалдык тармакта

Венесуэлада жер титирөөдөн кийин жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу күчөдү

Венесуэладагы жер титирөөлөрдөн кийин өлкөдө жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу жогорулады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жазып чыкты.

Уюмдун маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 38 оорукана жабыркап, айрымдары ишин токтотсо, калган медициналык мекемелерде бейтаптардын саны кескин көбөйгөн.

ДСУ мындай шартта кызамык, дифтерия, көк жөтөл, сары безгек, ошондой эле денге, чикунгунья, Зика вирусу жана безгек сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу жогору экенин эскертти. Уюм өлкөдөгү саламаттык сактоо системин колдоо жана оорулардын алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан