Биз социалдык тармакта

Макрондун көз айнеги дипломатиялык протокол боюнча талкуу жаратты

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун расмий саммиттерде кара көз айнек тагынышы дипломатиялык протоколдун эрежелерине ылайык келбей турганы айтылды. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттигине Египеттин мурдагы жогорку даражалуу дипломаты Раха Ахмад билдирген.

Анын айтымында, мамлекет башчыларынын расмий жолугушууларда көз айнек тагынышы үчүн негиздүү себеп болушу керек жана мындай жагдай тууралуу кабыл алуучу тарап алдын ала конокторду кабардар кылууга тийиш.

Макрон жакында Омандын султаны Хайсам бен Тарик Аль Саид менен Париждеги Елисей сарайында жолугушууда да кара көз айнек менен пайда болуп, аны имарат ичинде да чечкен эмес. Мындай көрүнүш мурда да байкалган – ал Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда да көз айнек тагынып сүйлөгөн.

Франция тарап буга көзүндөгү медициналык көйгөй себеп болгонун билдирген. ММКлардын маалыматына караганда, Макрондун көзүндөгү кан тамыр жарылып, ошого байланыштуу көз айнек тагынууга мажбур болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан