Биз социалдык тармакта

Илон Масктын байлыгы кайрадан 1 триллион долларга жетти

Forbes журналынын маалыматына ылайык, америкалык ишкер Илон Масктын жалпы байлыгы кайрадан 1 триллион долларлык деңгээлге чыкты.

Маалыматта айтылгандай, анын капиталын кескин көбөйтүүгө негизинен SpaceX жана Tesla компанияларынын акцияларынын кымбатташы себеп болгон. Натыйжада Масктын таза байлыгы 65 миллиард доллардан ашык өсүп, кайрадан триллион долларлык чектен өткөн.

Буга чейин июнь айында акциялардын арзандашынан улам анын байлыгы 1 триллиондон төмөн түшүп калган. Ошол учурда Маск триллионер статусун эки жумага жетпей жоготкон.

Forbes Real-Time Billionaires рейтингине ылайык, учурда Илон Масктын байлыгы кайрадан 1 триллион доллар деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан