Биз социалдык тармакта

Ганада селдин кесепетинен 12 адам каза болду

Африканын Гана мамлекетинин борбору Аккра шаарында катуу сел жүрүп, кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги өлкөнүн Өрт коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жаандан улам селдин келип чыгышына себеп болгон. Жекшембиден тарта болжол менен 140 миллиметрге жакын жаан-чачын түшүп, бул турак үйлөргө, ишканаларга жана транспорт инфраструктурасына зыян келтирген.

Гана президенти Драмани Махама кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн резервдик фонддон каражат бөлүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан