Венесуэладагы жер титирөөлөрдөн каза болгон жарандардын саны 1943кө жетти. Бул тууралуу өлкө парламентинин төрагасы Хорхе Родригес билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Статистикалык маалыматтарга ылайык, зилзаладан 10 миң 571 адам жаракат алып, 1943 жаран каза болду",- деген Родригес.
Ал аймакта издөө-куткаруу иштери уланып жатканын кошумчалаган.
Буга чейин 900гө жакын имарат зыянга учурап, анын 189у толук кыйраса, 650дөйү жарым-жартылай кыйраганы айтылган.
Эске салсак, 24-июнда өлкөнүн түндүк жээгинде күчү 7,2 жана 7,5 магнитудага жеткен эки ирет жер титирөө катталган. Жер силкинүүсү калк жыш жайгашкан жана экономикалык жактан маанилүү аймактарда, анын ичинде борбор калаа Каракаста да катуу сезилген.
