Биз социалдык тармакта

Францияда президенттик шайлоонун болжолдуу датасы белгилүү болду

Францияда өтө турган кезектеги президенттик шайлоонун биринчи айлампасын 2027-жылдын 18-апрелине, ал эми экинчи айлампасын 2-майга белгилөө сунушталууда. Бул тууралуу Ouest France басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, бул күндөр 1-июлда президент Эммануэль Макрондун төрагалыгы алдында өтө турган министрлер кеңешинин жыйынында сунушталат. Акыркы чечимди Франциянын президенти кабыл алып, аны өкмөт бекитиши керек.

Ошондой эле шайлоону 11 жана 25-апрелде өткөрүү боюнча альтернативдүү вариант да талкууланганы айтылат.

Франциянын Конституциясына ылайык, кийинки президентти шайлоо учурдагы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары аяктаган күнгө чейин 35 күндөн 20 күнгө чейинки аралыкта өткөрүлүшү керек. Демек, президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 2027-жылдын 9-24-апрель аралыгында өтүшү мүмкүн. Анткени президент Эммануэль Макрондун экинчи мөөнөтү 2027-жылдын 14-майында аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан