Биз социалдык тармакта

Иран деңиз блокадасы алынган соң канча мунай экспорттогонун билдирди

Иран бийлиги АКШ тарабынан деңиз блокадасы толугу менен алынгандан бери чет өлкөлөргө 40 миллиондон ашык баррель мунай экспорттой алды. Бул тууралуу Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф билдиргенин эл аралык маалымат агенттиктери жазышты.

"Деңиз блокадасы алынгандан кийин Ирандын соода кемелери менен мунай танкерлери үчүн Оман булуңу жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө жол ачылды. Блокада алынган күндөн бүгүнкү күнгө чейин 40 миллиондон ашык баррель мунай экспорттолду",- деген ал.


Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.

24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.

Бирок АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймактагы чыңалуу дагы эле сакталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан