Биз социалдык тармакта

АКШнын Жогорку соту Трамптын жарандык боюнча буйругун жокко чыгарды

АКШнын Жогорку соту өлкөдө төрөлгөн бардык адамдар автоматтык түрдө жарандык алууга укуктуу экенин тастыктады. Соттор президент Дональд Трамптын бул укукту чектеген жарлыгын конституцияга каршы деп тапты.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, 2025-жылдын январь айында инаугурациядан кийин Трамп “Америкалык жарандыктын маанисин жана баалуулугун коргоо” деген жарлыкка кол койгон. Анда эгер бала АКШда мыйзамсыз жүргөн же атайын төрөө үчүн келген энеден төрөлсө, ага жарандык берилбейт деп жазылган.

Бир нече федералдык сот бул жарлыкты токтотууга аракет кылган, бирок Жогорку сот акырында аны толугу менен жокко чыгарды. Натыйжада бир нече иш бириктирилип каралып, 30-июнда сот АКШда төрөлгөндөрдүн баары жарандык алууга укуктуу экенин чечкени маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан