Биз социалдык тармакта

Казакстанда саясий систем толук өзгөрүп, жаңы Конституция күчүнө кирди

Казакстанда 1-июлдан тартып быйыл 15-мартта жалпы элдик референдумда кабыл алынган жаңы Конституция күчүнө кирди. 1995-жылдын 30-августунда кабыл алынган мурдагы Конституция күчүн жоготту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, негизги өзгөрүүлөрдүн бири эки палаталуу парламенттен бир палаталуу Курултайга өтүү болду. Курултай мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашырган эң жогорку өкүлчүлүк орган болуп эсептелет. Ал партиялык тизме аркылуу шайланган 145 депутаттан турат. Депутаттардын ыйгарым укуктуу мөөнөтү 5 жыл болду.

Курултайдын төрагасы депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Шарт боюнча ал мамлекеттик тилди эркин билүүгө тийиш. Президенттин маалыматына ылайык, Курултай депутаттарын шайлоо август айында өтөт, так датасы кийин белгиленет.

Сентябрда "Қазақстан Халық Кеңесі" түзүлөт. Бул элдин кызыкчылыгын билдирген эң жогорку консультативдик орган болуп, ассамблеяны жана улуттук курултайдын ордун алмаштырат. Ага маслихаттардын өкүлдөрү, коомдук кеңештер, эксперттер жана жарандык уюмдар кирет.

Мындан тышкары, Казакстанда вице-президент кызматы киргизилет. Ал президенттин атынан Курултай, өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен иш алып барат. Эгер президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ыйгарым укуктары вице-президентке өтөт.

Жаңы Конституция кош жарандуулукка толук тыюу салат жана президенттикке талапкерлерге коюлган шарттарды өзгөртөт.

2027-жылдан тартып Конституция күнү жыл сайын 15-мартта белгиленет. Ал эми 30-август мындан ары иш күнү болуп калары маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан